Жарыяланган
2025-18-02, 09:10Бишкектин четинде курулуп жаткан стадионду 2026-жылдын күз айларында бүтүрүү пландалууда. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, объект 51 миң орундуу болот.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерине Кыргызстан, Түркия жана Улуу Британиядан инженер жана архитекторлор тартылган.
Эске салсак, буга чейин стадиондун футбол аянтчасы ФИФАнын стандарттарына жооп берери маалымдалган.