akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-04-10, 16:42

    Таласта 98 млн сомго жаңы оорукана курулууда

    Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында жаңы оорукана курулууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, аталган оорукананын курулушу менен министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышты.

    Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган.

    Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
     


    Тектеш материалды окуу