Жарыяланган
2024-12-12, 14:48Бишкекте 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Медициналык жай заманбап операциялык бөлмөлөр, аялдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия, төрөгөн аялдын жакындары үчүн күтүү жайлар, ошондой эле медицина кызматкерлерин окутуу үчүн симуляциялык кабинет менен жабдылат.
"Жаңы төрөт үйү төрөт жана ара төрөлгөн ымыркайларды кароо үчүн шарттарды гана жакшыртпастан, медициналык кадрларды даярдоонун заманбап инфраструктурасын түзөт. Биз ар бир аялга жана балага ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө умтулабыз”, - деди министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Жалпы чыгымы 420 млн сомду түзгөн беш кабаттуу имарат толугу менен инвесторлор тарабынан каржыланат.