Жарыяланган
2023-03-10, 04:57Баткен облусунда жаңы компьютердик томография борбору ачылды. Ошондой эле, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Бул Баткен облусундагы төртүнчү компьютердик томография борбору, жергиликтүү калк үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат.
“Мурда жашоочулар томография кызматын алуу үчүн башка шаарларга барышчу. Долбоор мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, жалпы инвестициянын көлөмү 5 млн долларды түздү. Долбоор инвестордун катышуусунда 15 жыл аралыгында ишке ашырылат. Жакынкы аралыкта республикадагы дагы эки ооруканага компьютердик томография орнотуу пландалууда”, - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.