akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-18-10, 10:35

    Бишкекте жарнаманы туш келди жайгаштыргандарга айып салынат

    Бишкек мэриясы белгиленбеген жерлерге жарнамалык жарыяларды чаптоого тыюу салынарын эскертти. Мындай тартип бузуулар катталса, Муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 1 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 5 миң сом айып салынат.

    Жарандарга ордо калаадагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоо сунушталат.


    Тектеш материалды окуу