akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-06, 07:41

    Казакстан жайдын аягына чейин кантты экспорттоого тыюу салат

    Казакстандын Айыл чарба министрлиги кумшекерди экспорттоого тыюу салуу боюнча буйруктун долбоорун коомдук талкууга койду. 

    Министрлик 2024-жылдын 31-августуна чейин кызылча жана камыш кантын, ошондой эле катуу абалдагы химиялык таза сахарозаны экспорттоого (анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө) тыюу салууну сунуштоодо.

    Чектөөлөр кумшекердин Казакстандын аймагы аркылуу өтүүсүнө таасирин тийгизбейт.

    Эске салсак, буга чейин Орус бийлиги кантты экспорттоого жайдын аягына чейин тыюу салган. 

     


    Тектеш материалды окуу