akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-09, 17:40

    Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга барат

    Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн эртең, 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

    Маалыматка караганда, тараптар өз ара алаканы жана Борбор Азиянын Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.

    Ошондой эле мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин немис ишкерлери менен жолугушуусуна катышат. Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушары күтүлүүдө.

    “Борбор Азия — Германия” саммити 17-сентябрда Астанада өтөт. 


    Тектеш материалды окуу