akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-07, 11:02

    Казакстан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алты айга узартат

    Казакстандын Өнөр жай министрлиги оң рулдуу жеңил унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алты айга узартуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

    Автоунаалардын төрт категориясы үчүн өзгөчөлүктү киргизүү сунушталууда:

    • кыймылдаткычынын көлөмү 1000 куб сантиметрге чейинки унаалар;
    • кыймылдаткычынын көлөмү 1000ден 3000 куб сантиметрге чейинки унаалар;
    • гибриддик унаалар;
    • электр транспорттору.