akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-07, 04:20

    Кыргызстандан Орусияга автоунаа менен жүк ташуу азайды

    2024-жылдын экинчи чейрегинде Кыргызстандан башка өлкөлөргө автотранспорттук жүк ташуу боюнча арыздардын саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1% азайды. Бул тууралуу ATI.su биржасы жазды. 

    2024-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу суроо-талаптын төмөндөшү 40% түздү.

    Кырдаалга эң чоң таасири Кыргызстандан Орусия жүк ташуу боюнча кайрылуулардын санынын азайышы болду. Бул 2023-жылдын экинчи кварталына салыштырмалуу 3%, 2024-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 40%ды түздү. 

    2024-жылдын 2-кварталында башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга автотранспорт аркылуу жүктөрдү жеткирүү боюнча кайрылуулардын саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%, 2024-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 1% көбөйгөн. 

    Ошол эле учурда, Орусиядан Кыргызстанга жүк ташуу талабы күчөгөн
    жылына 6% өстү, бирок 2024-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу 1% азайды.