akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-25-07, 06:37

    Быйыл жол кырсыктарынан 900 бала жабыркап, 36 бала көз жумду

    Быйыл алты айда 3 миң 59 жол кырсыктары катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

    2023-жылдын алты айына салыштырмалуу  жол кырсыгы 1,2 пайызга көбөйдү. Алардын эң көп үлүшү Бишкек - 43,9%, Чүй - 20,3% жана Ош облустарына 10,1% туура келди.

    Быйыл жол кырсыгына жабыркагандардын саны 1,1%га (4464 адам), каза болгондор 4,%га (280 адам) өстү.

    Балдар катышкан жол кырсыгы 5 пайызга көбөйдү, анда 900ү ар кандай жаракат алып, 36сы көз жумду.