Жарыяланган
2024-02-02, 11:08Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн кечинде Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштей баштаарын билдирди.
Анын айтымында, учурда министрлик кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин улантууда.
“Шаарда жылуулуктун температурасын акырындап жогорулатып жатабыз. Саат 22:00гө чейин ЖЭБти кадимки режимде иштетүүнү пландап жатабыз. Бардык техника бар, энергетиктердин бригадалары иштеп жатат. Кырсыкты өз күчүбүз менен жок кылабыз деген үмүттөбүз”, - деди министр.