Жарыяланган
2024-01-07, 03:20Кочкор районунда 5 миң орундуу ипотекалык турак жай курулуп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында эл менен жолугушууда билдирди.
Акылбек Жапаров аймактарды өнүктүрүүгө жарандардын жигердүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик программалардын аткарылышы тууралуу айтып берди.
Жолугушууда инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери көтөрүлдү.