akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-14-09, 17:22

    Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефондо сүйлөштү

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин  телефондо сүйлөштү. 

    Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар экономикалык, соода жана маданий аспектилерди камтыган актуалдуу эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн өнүгүүсүн жакшыртууга өбөлгө түзүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө басым жасалды.

    Ошондой эле тараптар жакынкы келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүү пландарын талкуулашты.


    Тектеш материалды окуу