akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-24-09, 09:35

    Жыл соңуна чейин Кыргызстандагы үйлөр толук камсыздандырылышы керек

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл башынан бери республиканын ар кайсы аймактарында болгон сел кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында учурдагы көйгөйлөр гана эмес, келечекте ушундай кырсыктарды болтурбоо боюнча узак мөөнөттүү стратегиялар да талкууланды.

    Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылдын сентябрына карата 331 сел катталып, анын кесепетинен 5 миң 354 үй жабыркаган. Анын ичинен 102си бузулуп, 138и капиталдык оңдоого муктаж. 

    Буга байланыштуу Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга 2024-жылдын аягына чейин бардык үйлөрдү, анын ичинде кооптуу зонада жайгашкан турак жайларды камсыздандырууну тапшырды. 

    Мындан тышкары, дарыялардын жээктерин бекемдөө, суу сактагычтарды тазалоо жана дренаждык системаларды түзүү сыяктуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле сел коркунучу жаралган учурда коопсуздук чаралары боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Бул демилгенин алкагында жергиликтүү тургундарга өзгөчө кырдаалдарда кантип аракеттенүүнү билүү үчүн маалымат кампанияларын уюштуруу тапшырмасы берилди.

    Министрлер кабинетинин башчысы жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу жаратылыш кырсыктарынын саны өсө турганын белгиледи. 


    Тектеш материалды окуу