Жарыяланган
2023-11-09, 11:45Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 2,3 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 8,5%га төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.
Мында экспорттук жөнөтүүлөр 0,4 пайызга көбөйгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 11,9 пайызга азайган.
2023-жылдын январь-июль айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Орусияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайыз) туура келди.