Жарыяланган
2023-14-09, 10:15“China Energy Engineering Corporation” Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында 500 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу ниетин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси Талантбек Иманов менен кытайлык “China Energy Engineering Corporation” компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
Маалыматка ылайык, электр станцияларын курууга жана жабдууларды чыгарууга адистешкен компания инвесторлор үчүн Кыргызстанда түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөргө кызыктар экенин билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун алкагында компанияга бериле турган жеңилдиктер жана преференциялар талкууланды.
Учурда долбоордун кирешелүүлүгү боюнча изилдөө жүргүзүлүп, инвестициялык келишимди даярдоо иштери жүрүүдө.