Жарыяланган
2024-22-05, 01:54Улуттук банк валюта базарынан дагы 31 миллион 500 миң доллар сатып алды.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет интервенция өткөрүүдө.
Эске салсак, бул каржылык операция валюта серпилүүсүн токтотуу максатында жасалат. Соңку күндөрү доллардын куну солгундап, сомдун бекемделиши байкалууда.