Жарыяланган
2024-24-05, 05:40Жогорку Кеңеш салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мыйзамдын ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи. Долбоор салык жүгүн азайтуу жана ишкерлер үчүн салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү чараларын карайт.
Документте Кыргызстандын футбол клубдарын колдоого жана футболду өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер жана преференциялар камтылган. Мыйзам долбоору карама-каршылыктарды жоюуга жана мыйзамдардын тексттерин мамлекеттик жана расмий тилдердин нормаларына ылайык келтирүүгө багытталган бир катар техникалык түзөтүүлөрдү киргизүүдө.