akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Кабар

    Жарыяланган

    2020-08-04, 05:30

    Баткен облусуна 113 тонна азык-түлүк таратылды

    Баткен облусунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 690 үй-бүлөнүн ар бирине 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

    [news 22949]

    Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, таратылган азык-түлүктүн көлөмү 113 тоннаны түзөт.

    «Долбоор алкагында азык-түлүк жардамы элге буга чейин коомдук жумуштарды аткарганы үчүн берилип келген. Бул ирет жардам Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жашаган багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн жарандарга берилди», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

    Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ал окуу курстарына Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар үй-бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү болгон.

    «Бул долбоор БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаны колдоо максатында ишке ашып жатат», - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу