akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-07-10, 16:40

    Кыргызстанда 10 айылдын аталышын өзгөртүү пландалууда

    Баткен, Нарын, Талас жана Чүйдө бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

    Ага ылайык, Лейлектеги Карл Маркс айылы Биримдик, Эски-Оочу айылы Манас, Коммунизм айылы Ак-Арык, Ленин айылы Исхак Раззаков, Андарак айылы Ак-Таш, Кек-Таш айылы Көк-Таш, Искра айылы Сумбула деп өзгөртүлөт. Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Осоавиахим айылын Молдо Кылыч, Таластагы Кара-Сай айылы Бакайыр деп, ал эми Чүйдөгү Садовое айылы Масымкан деп аталат. 

    Долбоор улуттук идеологияны чыңдоого, айылдарга өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.   


    Тектеш материалды окуу