akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-17-09, 12:35

    Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды

    Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды. 

    Ага ылайык, Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облусундагы айрым айыл-аймактардын аталышы алмашат. Тагыраагы, 4 айыл аймагы жана 13 айылдын атын кайра атоо сунушталууда. 

    Белгиленгендей, документ жергиликтүү тургундар, жашоочулар, жергиликтүү кеңештер менен администрациялардын чечиминин негизинде иштелип чыккан. 


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды
      Кыргызстанда 17 айыл-аймактын аталышын өзгөртүү сунушталды. Министрлер кабинетинин тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды
      2024-17-09 06:35:00