akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-07-10, 10:38

    Жалал-Абад, Ош жана Чүйдөгү айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды

    Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарындагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды. Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленди.

    Ага ылайык, Аксы районундагы Атантай, Сузак районунун Кыдырша, Өзгөн районундагы Арык уулу жана Гүлистан, Аламүдүн районунун Бер-Булак калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү пландалган.

    Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын статусу жогорулайт. Инвестиция тартууга, долбоорлор менен кызматташууга, ички резервдерди мобилизациялоо жана аймакты өнүктүрүүгө шарт түзөт.


    Тектеш материалды окуу