akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-07-10, 12:12

    Ош менен Баткенде көмүр саткан сегиз база ачылат

    Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган сегиз кошумча база ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, көмүр кампалары Ош жана Баткен облустарында ачылат. Тактап айтканда, кампалар Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда, ал эми Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Баткен районунда иштеп баштайт.


    Тектеш материалды окуу