akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-13-05, 03:48

    Казакстан чет өлкөлүк жарандарга күйүүчү майды сатууну чектейт

    Казакстан 17-майдан тарта чет элдик жарандар үчүн бензин менен дизель майына жаңы чекене бааларды киргизет. Бул тууралуу “Tengri Auto” zan.gov.kz сайтына шилтеме берүү менен жазды. 

    Күйүүчү майдын баасы Казакстандын энергетика министри тарабынан жөнгө салынууда.

    Жарыяланган токтомго ылайык төмөнкүдөй максималдуу баалар эске алынууда:

    • Чет өлкөлүк жарандар үчүн АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 89 теңге (17.54 сом);
    • Чет өлкөлүк жарандар үчүн АИ-92 жана АИ-93 маркасындагы бензиндин литри 245 теңге (48.29 сом);
    • Казакстандын айдоочулук документтери менен АИ-92 жана АИ-93 маркасындагы бензиндин литри 205 тенге (40.40 сом), суткасына 100 литрге чейин гана чектелет;
    • Казакстанда катталган унаалар үчүн литри 205 теңге, суткасына 300 литрге чейин чектөө коюлат.

    Кошумча нарк салыгын кошкондо дизель майынын баасы:

    • Чет өлкөлүк жарандар үчүн дизель майынын литри 315 теңге (62.08 сом);
    • Казакстандын айдоочулук документтери бар жаранга дизель майынын литри 295 теңге (58.14 сом), суткасына 100 литрге чейин чектөө менен сатылат;
    • Казакстанда катталган жүк жана адистештирилген унаалар үчүн литри 295 теңге (58.14 сом), суткасына 300 литрге чейин чектөө коюлат.

     

     


    Тектеш материалды окуу