akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-19-10, 07:00

    Казакстан Орусияга жүздөн ашык товарды экспорттоого тыюу салды

    Казакстан Орусияга 106 товардын түрүн экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу соода жана интеграция вице-министри Кайрат Төрөбаевга таянып “КазТаг” маалымат агенттиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, бул буюмдардын арасында дрондор, электр чиптери жана электроника бар. 

    “Биз согушка тиешелүү товарлардан башка бардык товарларды экспорттойбуз, ал эми буларга чектөөлөр киргизилген. Биз бул 106 товарды экспорттоого толугу менен тыюу салдык”, - деди Төрөбаев. 

    Аталган 106 товар Казакстанда өндүрүлгөн эмес, бирок мурда (Украина менен Орусия конфликтинен мурун) Казакстан аркылуу реэкспорттолуп турган. 

     


    Тектеш материалды окуу