akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-05, 10:02

    Кыргызстан менен Түркмөнстандын соода жүгүртүүсү 63,5 млн сомду түздү

    Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Минкаб жетекчиси Ашхабадда өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. 

    Өкмөт башчы соода экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү, электр энергияны импорттоо жана башка эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маектешти. 

    "2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 млн 546 миң долларды түздү. Ошол эле учурда кыргыз-түркмөн мамилелеринин пайдаланылбаган олуттуу соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы бар. Өз ара алакалардын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү жана спектрин кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарыл деп эсептейм", - деди Акылбек Жапаров.

    Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кызматташууларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыктарлыгын белгиледи. 

     


    Тектеш материалды окуу