akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 09:09

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 100 млн сомго баалуу кагаздарды сатып алды

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын түз инвестицияларды башкаруу жана структуралаштыруу департаментинин директору Токтобек Токоев билдирди.

    Анын айтымында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Азия банкынын экинчи чыгарылышынын облигацияларын сатып алды. Бул каражат эми жеңилдетилген насыянын эсебинен ишкер айымдардын долбоорлорун каржылоого жумшалат. 

    “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы өлкөнүн негизги документтеринин бири болгон баалуу кагаздар боюнча өзүнүн программасын иштеп чыккан. Бүгүн биздин биринчи иш-чарабыз, биз өнөктөш банкыбызды анын экинчи облигацияларын сатып алуу менен колдодук. Бул жерде Мамлекеттик өнүктүрүү банкы гендердик долбоорлорду социалдык долбоорлор аркылуу каржылай баштаганын белгилегим келет”, - деди Токтобек Токоев.