akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-07, 04:36

    Баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү 200%га өстү

    Быйыл алты айда баалуу кагаздар рыногунда сооданын жалпы көлөмү 2023-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 200%га өсүп, 105 млрд 166 млн 400 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын баяндамасында айтылат. 

    2024-жылдын 20-июнуна карата Финкөзөмөл Кыргызстандагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде Кыргызстандын эмитенттеринин баалуу кагаздарынын жалпысынан 3 миң 573 чыгарылышын каттады.

    Эмиссиянын жалпы көлөмү 776 млрд 550 млн 410 миң сомду түздү, анын ичинде 629 млрд 927 млн 180 миң сом суммасындагы акциялар, 8 млрд 685 млн 630 миң  сом суммасында облигациялар, үлүштүк катышуунун ислам сертификаттары (Сукук аль Вакала Би Аль Иститмар жана Сукук аль Мудараба) 23 млрд 150 млн сом, инвестициялык үлүштөр 114 млрд 201 млн сом, турак жай сертификаттары 186 млрд 600 млн  сомго жана ипотекалык сертификаттар 400 млн сомго берилди.