Жарыяланган
2024-19-08, 09:00Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлардын бирине айып пул салды. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Тактап айтканда, Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн аталган жайга 55 миң сом айып салынды.
Кошумчалай кетсек, өткөн аптада Улуттук банк Бишкек ш., Абдрахманов көчөсү, 119, 11-кабинетинде жайгашкан дагы бир алмашуу бюросуна айып пул салган.