Жарыяланган
2023-06-09, 05:32Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Равшанбек Рысбаев ант берди.
Ал Өмүрбек Бакиров менен бирге Ош облусунун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып, экинчи орунду ээлеген.
Өмүрбек Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылгандан кийин БШК кайра шайлоо болбойт, Равшанбек Рысбаев депутат болот деген чечимге келген.