akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-17-06, 08:25

    Орусия Кыргызстандагы уран кендерин рекультивациялоого 2,4 млрд рубль бөлөт

    Эртең Жогорку Кеңештин бюджет комитети Орусиянын Кыргызстандын айрым жерлерин рекультивациялоого каражат бөлүүсу боюнча макулдашууну карайт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында бөлүштү. 

    Ал белгилегендей, Орусия уран жана тоо-кен өндүрүшүнөн айрым аймактарды калыбына келтирүүгө 2 млрд 400 млн рубль бөлүп жатат. 

    “Буга чейин совет доорунда уран казып келгенбиз, азыр рекультивациялаш керек болгон жерлер бар. Биз Орусиядан жардам сурайбыз, “Росатом” ишке киришти, ошол эле учурда уран кендерин иштетүүгө өзүбүз уруксат берип жатабыз”, - деди депутат Дастан Бекешов.