akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-07, 11:41

    Улуттук банк жана «Кыргызнефтегаздын» атын жамынган шылуундар көбөйдү

    Социалдык тармактар аркылуу "Улуттук банктын жана “Кыргызнефтегаздын” атынан акча каражаты берилет" деп жалган билдирүүлөрдү тараткан шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

    Маалыматка ылайык, шылуундар белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, Улуттук банк “Кыргызнефтегаз” менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасын иштеп чыкканын кабарлашып, жарандарды шилтеме боюнча катталып, 50 миң сом акчаны алуу үчүн катталууга чакырышкан. 

    "Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты жарандардын жеке маалыматына ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алышы мүмкүн", - деп билдиришти банктан. 

    Ошондой эле, эч убакта жеке маалыматты, картынын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербөө керек. 

    Улуттук банк жарандарга текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбөөнү сунуштады.