akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-01-08, 10:17

    Париж олимпиадасында байге алгандарга канча акча берилери айтылды

    Париждеги Олимп оюндарында кыргызстандык спортчуларды кандай байгелер күтүп турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

    Маалыматка ылайык, алтын алган спортчу — 10 млн сом (118 миң доллар), күмүш медалдын ээси — 7 млн сом (83 миң доллар) жана коло байгенин ээси — 5 млн сом (60 миң доллар) алат.

    Кыргызстандыктар чоң үмүт арткан күрөш боюнча мелдештер 5-августта башталат.