Жарыяланган
2024-22-02, 03:24"Сарай айыл өкмөтү" мекемеси турак жайларды газдаштырууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Жалпы бюджет 15 млн 58 миң 999 сомду түзөт.
Бул акча Кара-Суу районундагы турак жайларды газдаштыруунун биринчи этабын ишке ашырууга жумшалат.