Жарыяланган
2023-13-09, 08:23Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749,0 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын ичинде эпизоотияга каршы иш-чараларга 86,9 млн сом, ветеринардык диагностикага 205,6 млн сом, жаныбарларды идентификациялоого 30,0 млн сом жумшалат.
Белгилеп кетсек, 31-августка карата каралган каражаттын эсебинен 599,1 млн сом каржыланды. Жыл ичинде эмгек акы жана соцфондго кошумча 137,0 млн каралган.