Жарыяланган
2025-18-02, 09:05Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногу оор мезгилди башынан өткөрүүдө. Акыркы жылдары активдүүлүктүн төмөндөшү, үйлөрдүн баасынын өсүшү жана сатып алуучулардын каалоолору өзгөргөн. Мына ушулардын бардыгы тармактын абалына олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Кыймылсыз мүлк рыногунда активдүүлүк төмөндөөнү улантууда. Эгерде 2022-жылы 50 миңге жакын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү түзүлсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 43 миңге түшкөн. Кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Айдар Сукенбаевдин айтымында, мындай тенденция өлкөнүн жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү менен байланыштуу.
Баалардын тынымсыз жогорулашынын шартында бир бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү жеке батирлер өзгөчө популярдуу болууда, анткени аларды азыркы экономикалык шарттарда сатып алуу оңой.
“Бүгүнкү күндө батирлерде бир чарчы метрдин орточо баасы 1250 долларга, ал эми жеке үйлөрдө 1400 долларга жетет. Мындай секириктин негизги себептери курулуш материалдарынын баасынын 30-35%га көтөрүлүшү жана инфляциянын жогору болушу болду. Расмий инфляциянын деңгээли 2024-жылы 7%дын тегерегинде болгону менен, айрым эксперттер реалдуу көрсөткүчтөр мындан 2-3 эсе жогору болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул курулуштун баасына жана анын натыйжасында турак жайдын акыркы баасына түздөн-түз таасирин тийгизди”, - деди эксперт.
Баалардын жогорулашынын жана турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнүн фонунда сатып алуучулар көбүрөөк баштапкы рынокко, атап айтканда үлүштүк курулуш келишимдерине маани берүүдө. Мындай имараттар пайдаланууга берилгенден кийин менчик укугуна ээ болуу менен кыймылсыз мүлк объектинин курулушуна каражаттарды инвестициялоону камтыйт.
Эгерде 2022-жылы мындай операциялардын үлүшү 9,6% түзсө, 2024-жылга карата ал 19,3%га өскөн. Бул көбүрөөк жарандар турак жайды арзан баада сатып алууга үмүттөнүп, курулушка инвестициялоону жактырарын көрсөтүп турат.
Бишкек шаарындагы батир сатып алуучулардын ичинен көп кабаттуу үйлөрдүн жана жаңы курулган имараттардын көптүгүнө байланыштуу бүтүмдөрдүн эң көп бөлүгү Октябрь районунда түзүлөт. Ошол эле учурда жеке менчик үйлөр көп сатылып алынган Ленин районунда жер тилкелери жана жеке курулуштар басымдуулук кылат.
Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программалары болгонуна карабастан, турак жайга суроо-талаптын олуттуу өсүшү байкалган жок. Айдар Сукенбаевдин айтымында, көпчүлүк жарандар үчүн жеңилдетилген шарттарды эске алганда да кыймылсыз мүлк сатып алуу кыйын.
Ортомчу риэлторлордун айтымында, сатып алуучулардын кызыгуусу көбүнчө бюджеттик варианттарга, өзгөчө баасы 60 миң долларга чейинки батирлерге багытталууда.
Орусия менен Казакстандын жарандарына деле Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баасы кымбаттай сезилет. Бирок, чет элдик сатып алуучулардын да суроо-талаптары өсүүдө. Эгерде 2022-жылы чет элдик сатып алуучулардын басымдуу бөлүгүн Орусиянын же Казакстандын жарандыгын алган кыргызстандыктар түзсө (80%), 2024-жылга карата алардын үлүшү 72%га чейин азайган.
Бирок, алыскы чет өлкөлөрдөн – Кытайдан, Түштүк Кореядан, Түркиядан жана АКШдан кызыгуу бир кыйла өстү. Алардын үлүшү 2022-жылдагы 15%дан 2024-жылы 28%га чейин өстү. Муну аталган өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баасынын арзандыгы менен түшүндүрүүгө болот.