akchabar logo with typographysearch

    Автоунаалар башаламан токтотулган жай гүлбакчага айланды

    Бишкектин 10-кичирайонунда чакан гүлбакча ачылды. Гүлбакча – кароосуз калган, пайдаланылбаган жерде жайгашкан. Мындай бак эки дубалдын ортосунда жайгашат. Айтмакчы, мындай гүлбактар ​​өзгөрүп жаткан климатка ыңлайлашуу чараларынын бири болуп саналат.

    Бул долбоордун демилгечилеринин бири, БААУнун окутуучусу жана SILK БААУнун директору Эмил Насритдиновдун айтымында, долбоорду “Урбанистика” (шаар таануу) программасы боюнча магистратурада окуп жаткан анын студенттери Алтынай Юсупова, Дарья Лопухова жана Элина Сапарова баштаган. Жазында алар коомдук жайлар боюнча долбоорду ишке ашырышты.

    “Бизде коомдук жайлардын кызыктуу мисалдарын көрүү үчүн Европага барууга грант бар болчу. Ал эми Бишкекке кайтып келгенден кийин борбор шаарыбызда мындай зоналарды түзүү боюнча баяндама жана сунуштарды жазышыбыз керек эле. Бирок кийин бул жөн гана текчеде турган кагаз болуп калат деп ойлоп, анын ордуна белгилүү бир коомдук жайды алып, аны өзгөртүүнү чечтик”, - дейт Эмил Насритдинов.

    Долбоордун катышуучуларынын бири блогер Алтынай Юсупова. Анын социалдык тармактарда көптөгөн катталуучулары бар. Алтынай мындай идеяларды кайда ишке ашырууга болот деген сурамжылоо жүргүзгөн. 10-кичи райондун жанындагы бул жердин тандалышынын себеби: жаңы гүлбакча үч стратегиялык маанилүү жол – Түштүк магистрал, Ала-Арча дарыясынын жээги жана кичи районго баруучу жолдун кесилишинде жайгашкан. Бул жерде да өзгөчө микроклимат түзүлүп, аны так ортодогу бак, дарыядан кичирайонго аккан суу, тынымсыз соккон жел жаратат. Ал эми ысык күндөрдө бул жерде абанын температурасы бир топ төмөн, ошондуктан гүлбакчада болуу ыңгайлуу да жана жагымдуу да.

    Алар кайсы жерди гүлбакча кыла турганын чечкенде, Алтынай долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат чогулта баштап, кыска мөөнөттүн ичинде 186 миң сом чогулткан. Ал эми кийинчерээк дагы бир ирет акча чогултулуп, анын аркасында 110 миң сомго жакын акча жыйналып, бул акча аталган жайга жумшалган.

    Эмил Насритдиновдун айтымында, гүлбакча боюнча иштер жай бою уланып, жеринде терраса, амфитеатр, сахна курулуп, эң негизгиси эки пандус жасалгандыктан, парк бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Жакында эле бул жерде сынган плитадан башка эч нерсе жок болчу, ал жерден адамдар бул мейкиндикти басып өтүү үчүн секирүүгө туура келген. Коляскасы бар энелер, велосипед жана скутер тээп жүргөн балдар бул тилкеден өтө албай кыйналышчу.

    “Жердин балдары” коомдук бирикмесинин жигердүү жаштары шаардыктар үчүн бул маанилүү долбоор менен таанышып, аны колдоону чечишти жана ыктыярчыларды алышты. Алар ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттын каражаттарын – “MoveGreen” коомдук бирикмесинин 2,5 миң евросун колдонууну чечишти.

    “Биз абдан таң калып, ошол эле учурда Эмил агайдын бир айдын ичинде долбоорду ишке ашырууда жан аябастык менен иштегенине шыктандык. Биз аны колдогубуз келип, ыктыярчыларга чакыруу жарыяладык. Ошондой эле “MoveGreen” коомдук бирикмесинин “Жашыл кыймыл” академиясынын долбооруна катышып, грант утуп алганбыз жана аны да ушул долбоорго багыттайлы деп чечтик. Жардам берүүнү каалагандар көп болду, биз 90го жакын ыктыярчыларды тандап, алар менен тааныштыруу тренингин өткөрүп, бул долбоор шаарыбыз үчүн эмне үчүн маанилүү экенин айттык. Негизги шарт бул жерде жалпы 25 саат иштөө болчу, бирок көптөр, бул убакыттан кийин дагы, ар кандай аба ырайынын шартында эртең мененден кечке чейин бул жерге келип иштей беришти. Учурда бул жердегилердин баары ыктыярчылардын жана жергиликтүү тургундардын колу менен жасалды”, - дейт “Жердин балдары” бейөкмөт уюмунун долбоордук координатору Элмира Жумалиева.

    “MoveGreen” бейөкмөт уюмунун долбоордун жетекчиси Гүлмира Эсенгелдиева шаарыбызда мындай коомдук жайлар эмне үчүн маанилүү экенин айтып берди.

    “Гүлбакча– бул климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу шаарларыбыз туш болгон кыйынчылыктарга жооп катары түзүлгөн уникалдуу мейкиндик. Тез урбанизация жана жыш өнүгүү бизди табигый оазистерден ажыратып, “жылуулук аралы” эффектин жаратууда. Температура кандай көтөрүлүп, жашыл бак, таза аба жетишпей жатканын көрүп жатабыз”, - дейт Гүлмира Эсенгелдиева.

    Алтынай Юсупова аймакты топографиялык изилдөө жана керектүү материалдарды алуу үчүн алгачкы коллекция жарыяланганын айтты. Ал эми шаардын такыр башка аймактарында жашаган жана бул аймакка эч качан барбаган адамдар, жада калса азыр чет жерде жүргөн мекендештерибиз да жаштарды активдүү колдоп, алардын аркасы менен бул жаңы аймак пайда болду.

    “Март айында биз тажрыйба алуу үчүн Европага барып, ал жерде кандай коомдук жайлар түзүлүп жатканын карап көрдүк. Шаарыбызда ушундай эс алуу жайынын пайда болушун абдан кааладык. Мен бул жерден алыс эмес жерде жашайм жана күн сайын өтүп бара жатып, бул жерде башаламан токтотулган унааларды байкачумун. Эми эл үчүн эс алуу жайын түзүүнү чечтик”, - дейт Айтынай Юсупова.

    Долбоордун дагы бир катышуучусу Элина Сапарова бул долбоордо акупунктура урбанизминин методологиясы колдонуларын түшүндүрдү. Бул шаар чөйрөсүндөгү максаттуу, бирок олуттуу жакшыртууга негизделген концепция, ал бүткүл шаар боюнча оң өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн.

    “Эмне үчүн бул жерди тандап алдык? Бул бүтүндөй изилдөө болчу. Бул жерде бир аз убакыт болуп, жашоочуларды, ары-бери өткөндөрдү байкап, маек куруп, эмнеге муктаж болуп, эмнеге кызыгып жатканын сурадык. Байкадык, жайкысын ары-бери өткөндөр көп, бирок отургучтар аз, андай эс алуучу жайлар жок. Коомдук жайлардын ролу абдан маанилүү, баарыбыздын үйүбүз, офисибиз бар, бирок мындай жайларды унаалар ээлеп алышат. Бул балдар үчүн коопсуз эмес, адамдар чогулуп, отургучтарда отуруп, баарлашуу үчүн ыңгайлуу болбой калды. Биз, негизи, азыр кошуналар менен баарлашуу маданиятын жоготтук, бирок менин оюмча, бул адамдардын мамилелериндеги абдан маанилүү компонент. Ал эми биздин долбоор коомдук мейкиндиктердин ролун жогорулатууга багытталган”, - деп белгиледи ал.

    Долбоордун демилгечилеринде шаарды кантип дагы да ыңгайлуу жана кызыктуу кылуу боюнча башка идеялар да бар.

    “Жашоочулар өздөрүн шаардык мейкиндиктин керектөөчүлөрү катары гана эмес, ошондой эле активдүү жаратуучулар катары да көрүүчү жаңы шаардык практиканы түзгүбүз келет. Бул долбоор мунун мүмкүн экенин көрсөтүп турат, анткени биз чоң суммадагы акча чогулта алдык. Мэрия да колдоп, сейил бакты ишке ашырууга уруксат берди, жашылдандырууга да жардам берет. Ал эми кийинки жайгашкан жерибиз — Манас проспектиси менен Ала-Арча дарыясынын кесилишинен анча алыс эмес жерде чоң жашыл ээн талаа бар. Биздин студенттер бул аймактын долбоорунун үстүндө иштеп жатышат”, - дейт Эмил Насритдинов.


    Тектеш материалды окуу

    • Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирген жашыл экономика боюнча форум өттү
      Бишкекте өткөн “Жашыл экономика: Борбордук Азияны өнүктүрүүнүн жашыл жолу – 2024” форумунда жашыл энергетиканы, туруктуу туризмди, жашыл курулушту жана таштандыларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
      2024-31-10 12:44:36
    • COP29: Кыргызстан глобалдык климаттык конференцияга даярданууда
      Ноябрь айында Азербайжанда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын - COP29 - Тараптардын Конференциясынын 29-сессиясы башталат. Эки жуманын ичинде Баку дүйнөнүн борборуна айланып, 100 миңге жакын чет элдик конокторду тосот. Конференцияда Кыргызстан дагы өлкөбүз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө кандай салым кошуп жаткандыгы жана адаптациянын кандай жолдорун сунуштарын баяндайт.
      2024-30-10 07:14:55
    • Автоунаалар башаламан токтотулган жай гүлбакчага айланды
      Бишкектин 10-кичирайонунда чакан гүлбакча ачылды. Гүлбакча – кароосуз калган, пайдаланылбаган жерде жайгашкан.
      2024-23-10 05:21:22
    • Күн чатырлары КМТУну электр энергия менен камсыздайт
      2023-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) өлкөбүздөгү биринчи электр тармагына туташкан күн фотоэлектр станциясын расмий түрдө ачты. Күн фотоэлектр станциясынын бир нече максаттары бар - ал электр энергиясын иштеп чыгат жана КМТУнун жана башка окуу жайлардын студенттери үчүн билим алуу инструменти катары кызмат кылат.
      2024-15-10 09:27:05