akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Иллюстративное

    Климаттын өзгөрүшү: бюджеттин жашыл чыгашаларын маркалоо

    Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын эксперттери жана министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен биргеликте Кыргызстанда бюджеттик чыгашаларды жашыл деп маркалоо процессин киргизүү боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

    Бул долбоор экологиялык программаларга өкмөттүн акчасы кандай жумшалып жатканын көзөмөлдөө максатын көздөйт. Бул Кыргызстанга айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бюджетти ачык-айкын пайдаланууга жана экологиялык долбоорлорго эл аралык каржылоону тартууга жардам берет.

    Маркалоо жашыл каржылоонун агымын, башкача айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга багытталган каражаттардын агымына көз салууга жана классификациялоого мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, мамлекеттик каражаттар кандай экологиялык жана климаттык максаттарга жумшалып жатканы эми ачык-айкын болот.

    Бул өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына, Париж макулдашуусуна (ОНУВ) улуттук деңгээлде аныкталган салымдарына жетишүү боюнча күч-аракетинин маанилүү бөлүгү.

    Мындан тышкары, бул демилге Кыргызстанда экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инновациялык чечимдерди колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү эл аралык климаттык каржылоону тартууга оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.

    Мындан тышкары, бул демилге Кыргызстанда экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча инновациялык чечимдерди колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү эл аралык климаттык каржылоону тартууга оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.

     

    “Жашыл бюджеттин чыгашаларын маркалоо ачык-айкындуулукту жогорулатуунун, каржылоону тартуунун жана Кыргызстандагы экологиялык жана климаттык максаттарга жетүү үчүн ресурстарды мобилизациялоонун негизги куралы. Долбоорго жумшалган ар бир сом туруктуу жана экологияга кам көргөн келечекке багытталган”, - дейт Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрө боюнча экономисти Лила Райна.
     

    Бүгүнкү күндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бюджеттин жашыл чыгымдарын маркалоо системасын ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул министрликтер климат жана экология боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга эң активдүү катышкандар катары тандалган.
    Ошондой эле, Финансы министрлиги айлана-чөйрөгө кам көрүү өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыты экенин жана жашыл маркалоону киргизүү анын максаттарына толугу менен шайкеш келерин белгилейт.


    Бюджеттик чыгымдардын жашыл маркалоосун киргизүү финансылык системалардын эффективдүүлүгүн, ачыктыгын жана отчеттуулугун камсыздайт, ошондой эле климаттык жана экологиялык максаттар экинчи планга чыгарылбай турганына кепилдик берет.


    Финансы министринин орун басары Руслан Татиков Дүйнөлүк банк тарабынан киргизилген бюджеттик чыгашаларды маркалоонун жашыл системасы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стратегиялык кадам экенин жана чыгашаларды классификациялоого негиз түзөрүн белгилейт. 


    Маркалоо- бул финансылык системалардын жоопкерчилигин жана ачык-айкындыгын камсыз кылуучу экологиялык жана климаттык максаттарга жетүүнү камсыз кылган инструмент. Ал эми жашыл бюджет жашыл салык стимулдарын жана финансылык инструменттерди түзүүгө жардам берет. 


    Айта кетсек, Каржы министрлиги быйыл 100 жылдык мааракесин белгиледи жана министрликтин ишмердүүлүгүнө токтолгон Татиков келечекте жаңы ыкмаларды жана инновацияларды талап кыларын кошумчалады.


    Климаттын өзгөрүшү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө таасирин тийгизип, адамдардын жашоосун, аба ырайынын шарттарын, деңиз деңгээлинин өзгөрүшүнө алып келет. Ошондуктан, бүткүл дүйнө калкын климаттык жана экологиялык көйгөйлөр тынчсыздандырып, мамлекеттер азыркы кырдаалды жакшыртууга салым кошууга аракет кылууда.


    2015-жылы БУУ тарабынан жакырчылыкты жоюу, планетаны коргоо жана 2030-жылга чейин тынчтык менен гүлдөп өнүгүүгө жетишүү үчүн БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары кабыл алынган.


    Туруктуу өнүгүү максаттары (17 максат кабыл алынган) ар тараптуу, бир чөйрөдөгү иш-аракеттер башкаларына да таасир этээрин жана өнүгүү социалдык, экономикалык жана экологиялык туруктуулуктун ортосундагы тең салмактуулукту сактоого тийиш экенин белгилейт. 


    Жашыл бюджеттик чыгашаларга маркалоону киргизүү климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырган №13 туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга кадам таштоого жардам берет.


    Кошумчалай кетсек, мындай инновациялар Кыргызстан 2018-жылы кол койгон Париж келишиминин талаптарын аткарууга өбөлгө түзөт. 2018-жылдын апрелине карата климат боюнча Париж келишимин 175 тарап ратификациялаган жана 168 тарап улуттук пландарын БУУФКС (РКООНИК) катчылыгына тапшырган.


    БУУнун маалыматы боюнча, 1880-жылдан 2012-жылга чейин орточо глобалдык температура Цельсий боюнча 0,85 градуска жогорулаган. Мындан тышкары, температуранын ар бир 1 градуска жогорулашы дан түшүмүнүн болжол менен 5%га төмөндөшүнө алып келет.


    1981-жылдан 2002-жылга чейин жүгөрү, буудай жана башка негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүйнөлүк түшүмдүүлүгү жылына 40 мегатоннага төмөндөп кеткен.
    Океандын температурасынын жогорулашы жана кар менен муздун көлөмүнүн азайышы деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келди. 1901-жылдан 2010-жылга чейин глобалдык жылуулуктун жана мөңгүлөрдүн эришинен улам океандардагы суунун көбөйүшүнө байланыштуу дүйнөлүк орточо деңиз деңгээли 19 сантиметрге көтөрүлгөн. 1979-жылдан бери ар бир он жыл сайын Арктикадагы деңиз музунун көлөмү 1,07 млн чарчы километрге кыскарган.


    Адистердин айтымында, деңиздин орточо деңгээли 2065-жылга чейин 24-30 сантиметрге, 2100-жылга чейин 40-63 сантиметрге көтөрүлөт. Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринин көбү абага бөлүнүп чыгуулар токтоп калса дагы, көптөгөн кылымдар бою уланат.


    1990-жылдан бери дүйнөлүк көмүр кычкыл газынын (СО2) бөлүнүп чыгышы дээрлик 50%га өстү. 2000-жылдан 2010-жылга көмүр кычкыл газы мурунку үч он жылдыктын ар бирине караганда тезирээк өскөн. 


    Бул арада өлкөбүздө климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу бир катар маанилүү документтер кабыл алынды. Алардын арасында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы бар, анда Жердеги климаттын өзгөрүшү жана анын терс таасирлери жалпы адамзатты түйшөлткөн маселе экени белгиленет. Ошондой эле, экологиялык маселелерде жарандардын жана жарандык коом уюмдарынын ролун кеңейтүү үчүн түзүлгөн жана биргелешкен демократиянын принциптерине негизделген Орхус Конвенциясы бар. Орхус Конвенциясы айлана-чөйрөгө карата жеке адамдар жана жарандык коом уюмдары үчүн бир катар укуктарды белгилейт. 
     


    Тектеш материалды окуу

    • Климаттын өзгөрүшү: бюджеттин жашыл чыгашаларын маркалоо
      Кыргызстандын Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бюджеттин чыгашаларын "жашыл" деп маркалоо процессин ишке ашыра баштады.
      2024-21-09 05:30:06
    • Кыргызстанда BYD, Changan жана FAW электромобилдери эң көп сатылууда
      Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү дүйнөлүк тенденцияга айланууда. Кыргызстан да бул демилгелерге акырындык менен кошулууда. Жашыл экономиканын негизги элементтеринин бири зыяндуу газдарды азайтууга жана экологиялык абалды жакшыртууга көмөктөшүүчү электрдик унааларды колдонуу болуп саналат.
      2024-19-09 04:56:47
    • COP29: кыргызстандык жаштар климаттын өзгөрүшүнө кабатырланууда
      Борбордук Азия чөлкөмү суунун жетишсиздигинен, жердин деградациясынан жана табигый кырсыктардын жыштыгынан улам климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин көбүрөөк сезип жатат. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштары климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрү жана анын биздин мамлекеттер үчүн кесепеттери тууралуу билдирүү даярдашты.
      2024-11-09 08:29:32
    • Мөңгүлөр тез эрүүдө: Кыргызстан кандай чараларды көрүшү керек?
      Акыркы 50-70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөр 16%га азайды. Башкача айтканда, майда мөңгүлөрдүн саны көбөйүп, ирилери азайган. Мындан тышкары, бийик тоолуу аймактарда температуранын жогорулашы мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши перигляциалдык же мореналык көлдөрдүн пайда болушуна алып келет, бул сел коркунучун пайда болот.
      2024-30-08 10:36:10