akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-17-07, 04:00

    Ишкердин жаңы салык жардамчысы. «Айыл Банк» «Береке» тиркемесинин өзгөчөлүгүн түшүндүрдү

    Элестетиңиз, патенттерди онлайн каттоо, салыктарды төлөө, карыздарды көзөмөлдөө, жада калса жаңы салык режимине өтүүгө жардам бере турган жеке жардамчыңыз бар. Мындай мүмкүнчүлүктү “Айыл Банк” ишке ашырып, “Береке” тиркемесин ишкерлерге сунуштады. “Айыл Банк” ААКтын санарип продуктуларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сыймык Музаев тиркеме кантип иштейт, ал кандай артыкчылыктарды сунуштайт жана санариптештирүү доорунда бизнестин өнүгүшүнө кандайча жардам берерин айтып берди. 

    “Береке” тиркемесинин негизги максаты эмне?

    “Береке” тиркемесин түзүү үчүн жарым жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатабыз. Тиркеменин негизги максаты - ата мекендик бизнеске салыкка байланыштуу процесстерди жүзөгө ашырууга жардам берүү. Долбоордун үстүндө иштөөнүн жүрүшүндө биз ишкерлер туш болгон негизги көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган көптөгөн функцияларды иштеп чыктык.
    “Береке” салыктык эсепке алуу жана финансылык операциялар процесстерин автоматташтырууга, аларды ачык-айкын кылууга жана каталарды кетирүү мүмкүнчүлүгүн жок кылууга мүмкүндүк берет. Бул ишкерлерди күнүмдүк маселелерден бошотуп, бизнесин өнүктүрүүгө көбүрөөк убакыт жана күч берет. “Берекени” жумуштан эч качан кечикпеген чөнтөктөгү жардамчы десек болот.

    “Береке” тиркемесинин функциялары жана ишкерлерге салык милдеттенмелерин башкарууга кантип жардам берери тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? 

    Биз санариптештирүү доорунда жашап жатабыз, баары санарип форматка өтүп жатат, бирок баары эле аны түшүнө элек. Кандайдыр бир уруксаат же кагаз алуу үчүн мамлекеттик органдарга барган ишкерлер көп. Көбүнчө, эң негизги себеби  тиркемелердин жана веб-сайттардын татаал интерфейси болуп саналат. "Береке" тиркемеси менен бул көйгөйлөр жеке ишкерлерге коркунуч жаратпайт. Баары мүмкүн болушунча жөнөкөй. Ишкерлер Мамлекеттик салык кызматында патентти өз алдынча каттап (регистрация) жана булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен күбөлүк ачууга арыз бере алышат. Ошондой эле электрондук патентти берүү же узартуу, салык карыздарды түздөн-түз тиркемеден көзөмөлдөө жана салыктарды төлөөгө болот.

    Тиркеме иштегенден тарта кандай функциялар колдонуучуларга жеткиликтүү?

    Биз тиркемени майдын аягында презентациялаганбыз. Ал биздин кардарлар үчүн жеткиликтүү жана бүгүнкү күндө алар Бирдиктүү маалымат системасы (ЕСИ) аркылуу онлайн катталып, банктык эсептерди онлайн режиминде бекер ача алышат. Ошондой эле, жеке ишкердин күбөлүгүн ачууга арыздарды жөнөтө алышат (ИП), бирдиктүү QR (ELQR) аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып жана онлайн эсеп көчүрмөлөрүн алуу, отчеттуулукту түзө алышат. 

    Ошондой эле, ишкерлер Мамлекеттик салык кызматында патентти онлайн каттоо, электрондук патентти каттоо же узартуу, төлөм тарыхына көз салуу жана эсепке алуу, салык карыздарын текшерүү жана кыймылдуу мүлккө салыктарды эсептөө жана төлөө сыяктуу функцияларды пайдалана алышат. Мындан тышкары, жакында эле булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен күбөлүк алуу үчүн онлайн арыз берүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салыктарды эсептөө жана төлөө кызматы жана Мамлекеттик салык кызматына салык төлөө кызматы сыяктуу функцияларды коштук. Мен белгилегендей, биз тиркеменин функционалдуулугун жакшыртуу үчүн талыкпай иштеп жатабыз. Алдыда дагы көп функциялар кошулат. 

    ККМдеги маалымат алмашууну кошкондо тиркеме Кыргызстандын салык системасы менен кантип интеграцияланат? 

    Тиркеме салык кызматынын API аркылуу салык системасы менен интеграцияланат. Бул сатуу жана салык маалыматтарын автоматтык түрдө алмашууга мүмкүндүк берет, салык тапшыруу процессин жөнөкөйлөтөт. Учурда контролдук- кассалык машиналар ишке киргизиле элек, бирок аларды интеграциялоо иштери жүрүүдө. Жакында биз кардарларыбызга көптөн күткөн функцияны тартуулайбыз жана аларга ККМди сатып алуунун кереги жок болуп калат, баары тиркемеде болот. “Береке” бардык бюрократиялык кыйынчылыктардан качууга жардам берип, колдонуучулар менен салык кызматынын ортосунда көпүрө болуп иштейт деп ишенимдүү айта алам. Биздин тиркеме бюрократия деп аталган лабиринтте бизнес үчүн навигатор болуп калат.

    Сиз тиркеменин кызматтары жакшырарын айтып өттүңүз. Жакынкы айларда дагы кандай өзгөрүүлөр болот? 

    Ооба, биздин негизги максатыбыз -  мүмкүн болушунча бизнеске жеңилдик кылуу. 
    Биз ар дайым ишкердүүлүктө кандай кыйынчылыктар бар экенин изилдеп, аларды тиркеме аркылуу чечүүгө аракет кылабыз. Жакында биз QR-төлөмдөрдү которуу, онлайн насыялар, корпоративдик карталарды алуу, жеке ишкерлер үчүн (ИП) онлайн салык отчеттуулугу жана, албетте, ККМ, эсеп-фактуралар, ЭСФ жана ЭТТН сыяктуу функцияларды кошобуз.
    Тиркемени болушунча пайдалуу жана колдонууга оңой кылуу үчүн биз рынокту, кардарлардын даттанууларын жана сунуштарын кылдат изилдейбиз. Биздин максатыбыз кардарларга бизнести башкаруунун күчтүү куралы боло турган продуктуну сунуштоо.

    Салттуу бизнести башкаруу ыкмаларына салыштырмалуу ишкерлер “Береке” тиркемесин колдонууда кандай артыкчылыктарга ээ? 

    Ооба, чынында эле, азыр биздин жашообузду жакшыртуу үчүн иштелип чыккан көптөгөн тиркемелер бар, бирок көбүнчө алар аягына чыга элек жана рыноктун керектөөлөрүн эске алышпайт, кээде банкка барып, аны такташыңыз керек. Апам да жеке ишкер болгон, банкка же Салык кызматына барганга убакыт табуу кыйын экенин билем. Эми колдонуучулар үй-бүлөсүнө же бизнесине көбүрөөк убакыт, ал эми кагаз иштерине азыраак убакыт бөлүшөт.
    Жеке ишкерлер Мамлекеттик салык кызматына же банкка барып, кезек күтпөстөн, убакытты жана акчаны үнөмдөйт. QR аркылуу ыңгайлуу төлөмдөрдү кабыл алуу да каралган. Алар үнөмдөгөн убакытты бизнести өнүктүрүүгө же жеке иштерге жумшаса болот.

    Тиркемеге кантип катталууга болот? Маалыматтын коопсуздугу кантип корголот? 

    Өтө жөнөкөй. “Береке” тиркемесине катталуу үчүн колдонуучулар Google Play же App Store маркетинен тиркемени телефонго жүктөп, Бирдиктүү идентификациялоо системасы (ЕСИ) аркылуу идентификациядан өтүшү керек. Маалымат коопсуздугу биздин приоритетибиз. Бардык маалыматтар заманбап шифрлөө жана коопсуздук технологияларын колдонуу менен корголот. Колдонуучунун маалыматтары жети кулпу жана сырсөз менен корголот. Биз маалыматтардын коопсуздугуна жана купуялуулугуна кепилдик беребиз, бул бүгүнкү күндө эң маанилүү нерсе. 

    Тиркеме аркылуу отчеттордун кандай түрлөрүн түзүүгө болот жана бул ишкерлердин күнүмдүк иштерине кандай жардам берет?

    Тиркеме аркылуу колдонуучулар кирешелер жана чыгашалар боюнча отчетторду түзө алышат, ошондой эле онлайн отчетторду ала алышат. Бул ишкерлерге каржылык абалын өз убагында көзөмөлдөөгө жана негиздүү бизнес чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт. Отчетторду автоматташтыруу колдонуучуларга бизнесин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. 

    2024-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген жаңы салык режимдерине өтүүдө тиркеменин ишкерлерди колдоодо кандай ролу бар? 

    Тиркеме ишкерлерге бирдиктүү салык режимине онлайн өтүүгө жардам берет. Биз дайыма өзгөрүп турган салык талаптарынын дүйнөдө ишенимдүү өнөктөш болууга умтулабыз. “Береке” колдонуучуларга жаңы эрежелерге көнүүгө жана жагымсыз жагдайларды болтурбоо үчүн ар дайым иштейт. 

    Колдонуучуларды тиркеманы колдонууга үйрөтүү үчүн кандай чаралар көрүлдү жана суроолор болсо кандай колдоо көрсөтүлөт?

    “Береке” мобилдик тиркемесин колдонуу боюнча колдонмолор буга чейин “Айыл Банктын” расмий сайтында жарыяланган. Ошондой эле, биздин байланыш борборунун адистери кардарларга 5511 кыска номери же WhatsApp 0 770 55 11 00 аркылуу күнү-түнү кеңеш беришет. Чалуу акысыз. Колдоо 24/7 жеткиликтүү, ошондуктан колдонуучулар каалаган убакта жардам ала алышат. Түнкү саат үчтө колдонуучуларга кеңеш керек болсо да, биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз. 

     


    Тектеш материалды окуу

    • MBANK өлкөлөрдү жакындатат. Эми дүйнөнүн 160 өлкөсүнө акча жөнөтүүгө болот
      Бүгүн MBANK менен эл аралык Thunes компаниясы расмий түрдө стратегиялык келишим түздү, бул Кыргызстандын каржы сектору үчүн маанилүү окуя. Макулдашуу банктын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык финансылык операциялардын кеңейтилген варианттарын сунуштайт жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.
      2024-05-09 12:38:40
    • Ишкердин жаңы салык жардамчысы. «Айыл Банк» «Береке» тиркемесинин өзгөчөлүгүн түшүндүрдү
      Элестетиңиз, патенттерди онлайн каттоо, салыктарды төлөө, карыздарды көзөмөлдөө, жада калса жаңы салык режимине өтүүгө жардам бере турган жеке жардамчыңыз бар. Мындай мүмкүнчүлүктү “Айыл Банк” ишке ашырып, “Береке” тиркемесин ишкерлерге сунуштады. “Айыл Банк” ААКтын санарип продуктуларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сыймык Музаев тиркеме кантип иштейт, ал кандай артыкчылыктарды сунуштайт жана санариптештирүү доорунда бизнестин өнүгүшүнө кандайча жардам берерин айтып берди.
      2024-16-07 22:00:18
    • Чөнтөктөгү мобилдик банк. «Компаньон» финансылык маселелерди кантип чечүүдө
      Азыр акча которуу, депозит ачуу, коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн банктын филиалына жана почта бөлүмүнө баруунун кереги жок. Бүгүнкү күнү бардык финансылык операцияларды өзүӊүздүн смарфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүүгө болот.
      2023-20-12 02:58:35
    • Эмгек акы долбоору: жетекчилер менен кызматкерлер үчүн максималдуу пайдалуу сунуш
      Эмгек акы долбоорунун арыкчылыктары жана картаны колдонуу тууралуу «Кыргызкоммерцбанктын» «Айчүрөк» Соода борборунда жайгашкан бөлүмүнун башчысы Раиса Медведева айтып берет.
      2019-21-05 23:00:00