akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-05-09, 18:38

    MBANK өлкөлөрдү жакындатат. Эми дүйнөнүн 160 өлкөсүнө акча жөнөтүүгө болот

    Бүгүн MBANK менен эл аралык Thunes компаниясы расмий түрдө стратегиялык келишим түздү, бул Кыргызстандын каржы сектору үчүн маанилүү окуя. Макулдашуу банктын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык финансылык операциялардын кеңейтилген варианттарын сунуштайт жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.

    MBANK кардарлары 160тан ашуун өлкөнү камтыган финансылык кызматтардын кеңири спектрин жана 7 миллиард мобилдик капчыктарды жана банк эсептерин пайдалана алышат.

    “Бул өнөктөштүк банк үчүн маанилүү. Thunes менен кызматташуу MBANK кардарларынын бардык категориялары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык которуулардын сапатын жана ылдамдыгын жогорулатып, аларды бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү кылат. Стратегиялык өнөктөштүк кардарларыбыздын жашоосун жөнөкөйлөштүргөн жаңы технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстандын каржы рыногундагы лидерлердин бири катары MBANK позициясын бекемдөөгө жардам берет”, - деди МБАНК Башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Жанболотов.

    MBANK өкүлдөрү белгилегендей, шериктештиктин алкагында сунушталган кызматтар транзакциялардын кеңири спектрин камтыйт – жеке которуулардан эл аралык бизнес транзакцияларына чейин. Кардарлар 350дөн ашык төлөм ыкмаларын колдонуп, 80 валютада акча которуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

    Келечекте MBANK жана Thunes төлөм чечимдерин Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытай сыяктуу региондогу өлкөлөргө жайылтууну пландаштырууда. Бул эл аралык операциялар үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет.

    “Thunes компаниясынын Кыргызстанды жана MBANKты тандоосунун себеби банктын инновацияга умтулуусуна байланыштуу. MBANK тез өнүгүү темпин жана өз кардарларына тейлөөнү жакшыртуу үчүн алдыңкы технологияларды ишке киргизүүгө даярдыгын көрсөттү. Өнөктөштүктүн негизги максаттарына глобалдык тенденцияларды жана кардарлардын муктаждыктарын эске алган тез жана ишенимдүү кызмат көрсөтүү кирет”, - деди Thunes компаниясынын башкы директору Флорис де Корт.

    Белгиленгендей, Thunes менен түзүлгөн келишим MBANKтын учурдагы рынок талаптарына ыңгайлашуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жасаган аракети. Ошондой эле, банк Кыргызстандын рыногуна заманбап технологияларды биринчилерден болуп киргизүүнү улантууга даяр экендигин баса белгилейт.

    Банк өз кардарларынын дүйнөлүк экономикага интеграцияланышына көмөктөшүп, финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мындан да көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү жана чечимдерди берүү боюнча ишти улантат.

    “Кыргызстандык студенттер чет өлкөдө окуу акысын төлөй турган дүйнөнү элестетип көргүлө, бул жерде жергиликтүү дүкөндөрдө соода кылгандай оңой эле, чакан ишканалар дүйнө жүзүндөгү кардарларга өз продукциясын оңой сата алышат жана жумушчулар дүйнөнүн каалаган бурчунан кардарлардан дароо маяна ала алышат. Бул MBANK жана Thunes биргелешип интуитивдик, эффективдүү жана ишенимдүү финансылык чечимдерди сунуштоо менен куруп жаткан келечек”, - деди Флорис де Корт.

    Маалымат үчүн 
    Thunes - дүйнөлүк деңгээлдеги акча которуулар боюнча глобалдык тармак. Thunes'тун дүйнөлүк түз төлөмдөр тармагы өнөктөштөрүнө 130дан ашык өлкөдө жана 80ден ашуун валютада реалдуу убакытта төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Thunes тармагы GCash, M-Pesa, Airtel, MTN, Orange, JazzCash, Easypaisa, AliPay, WeChat Pay жана башка көптөгөн 350дөн ашык ар кандай төлөм ыкмалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык мобилдик капчыктарга жана банк эсептерине түздөн-түз туташкан. Thunes'тун глобалдык түз төлөмдөр тармагынын мүчөлөрүнүн арасында Uber жана Deliveroo сыяктуу экономиканын гиганттары, Grab жана WeChat сыяктуу тиркемелер, ошондой эле акча которуу компаниялары, финтехтер, төлөм кызматын көрсөтүүчүлөр (PSPs) жана банктар бар. Thunes'тун глобалдык түз төлөмдөр тармагы өзүнүн глобалдуу чөйрөсү, менчик интеллектуалдык казыналык башкаруу платформасы жана тармактын мүчөлөрүнө дүйнө жүзү боюнча реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү жүргүзүүдө теңдешсиз ылдамдык, көзөмөл, ачык-айкындуулук, коопсуздук жана экономикалык эффективдүүлүктү камсыз кылган Fortress Compliance коопсуздук инфраструктурасы менен айырмаланат. Thunes компаниясынын башкы кеңсеси Сингапурда жайгашкан жана Барселона, Пекин, Дубай, Лондон, Манилу, Найроби, Париж, Эр-Рияд, Сан-Франциско, Сан-Паулу и Шанхай сыяктуу 12 шаарда кеңсеси жайгашкан. Кошумча маалыматты сайттан алууга болот.

     


    Тектеш материалды окуу

    • MBANK өлкөлөрдү жакындатат. Эми дүйнөнүн 160 өлкөсүнө акча жөнөтүүгө болот
      Бүгүн MBANK менен эл аралык Thunes компаниясы расмий түрдө стратегиялык келишим түздү, бул Кыргызстандын каржы сектору үчүн маанилүү окуя. Макулдашуу банктын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык финансылык операциялардын кеңейтилген варианттарын сунуштайт жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.
      2024-05-09 12:38:40
    • Ишкердин жаңы салык жардамчысы. «Айыл Банк» «Береке» тиркемесинин өзгөчөлүгүн түшүндүрдү
      Элестетиңиз, патенттерди онлайн каттоо, салыктарды төлөө, карыздарды көзөмөлдөө, жада калса жаңы салык режимине өтүүгө жардам бере турган жеке жардамчыңыз бар. Мындай мүмкүнчүлүктү “Айыл Банк” ишке ашырып, “Береке” тиркемесин ишкерлерге сунуштады. “Айыл Банк” ААКтын санарип продуктуларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана колдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сыймык Музаев тиркеме кантип иштейт, ал кандай артыкчылыктарды сунуштайт жана санариптештирүү доорунда бизнестин өнүгүшүнө кандайча жардам берерин айтып берди.
      2024-16-07 22:00:18
    • Чөнтөктөгү мобилдик банк. «Компаньон» финансылык маселелерди кантип чечүүдө
      Азыр акча которуу, депозит ачуу, коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн банктын филиалына жана почта бөлүмүнө баруунун кереги жок. Бүгүнкү күнү бардык финансылык операцияларды өзүӊүздүн смарфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүүгө болот.
      2023-20-12 02:58:35
    • Эмгек акы долбоору: жетекчилер менен кызматкерлер үчүн максималдуу пайдалуу сунуш
      Эмгек акы долбоорунун арыкчылыктары жана картаны колдонуу тууралуу «Кыргызкоммерцбанктын» «Айчүрөк» Соода борборунда жайгашкан бөлүмүнун башчысы Раиса Медведева айтып берет.
      2019-21-05 23:00:00