Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган тегерек үстөлдө эксперттер экинчи даражадагы санкциялардын контекстинде Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн банк тутумунун тенденцияларын жана келечегин талкуулашты. Талкууда өлкөнүн каржы системасынын учурдагы абалына тиешелүү көптөгөн негизги маселелер козголду, эксперттер Улуттук банктын ролуна өзгөчө көңүл бурушту.
Кыргызстандын банк сектору өнүгүүдө. Быйыл 31-августка карата өлкөдө 21 коммерциялык банк жана алардын 305 филиалы иштегендиги айтылган. Банктардын активдери көбөйдү, ошондой эле кредиттөө көлөмүнүн өсүшү байкалды, ошол эле учурда долларлашуунун деңгээли төмөндөөдө. Ислам принциптери боюнча каржылоо да оң динамикаларды көрсөттү.
Унаалуу болуу көпчүлүк адамдын кыялы. Унаалуу болууну каалап, бирок капчыкта акча жок кезде лизингби же автокредитти тандоо керекпи? Эки варианттын тең артыкчылыктары жана кемчиликтери бар жана тандоо көптөгөн факторлорго көз каранды.
Орус маалымат каражаттары 2022-жылы орус рыногунан чыгып кеткен Visa төлөм системасы Роспатентке эки жаңы товардык белгини каттоо үчүн арыз бергенин жазышты.
Бүгүн MBANK менен эл аралык Thunes компаниясы расмий түрдө стратегиялык келишим түздү, бул Кыргызстандын каржы сектору үчүн маанилүү окуя. Макулдашуу банктын кардарлары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык финансылык операциялардын кеңейтилген варианттарын сунуштайт жана инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга колдоо көрсөтөт.