akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-16-09, 13:14

    Visa Орусияда жаңы товардык белгилерин каттайт. Бул стратегиялык кадамбы?

    Орус маалымат каражаттары 2022-жылы орус рыногунан чыгып кеткен Visa төлөм системасы Роспатентке эки жаңы товардык белгини каттоо үчүн арыз бергенин жазышты.

    Берилген арызга ылайык, Visa финансылык жана банктык кызматтардын кеңири спектрин камтыган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (ICGS) ар кандай класстары боюнча товардык белгилерди каттоого ниеттенүүдө. Алардын арасында: банктык операциялар, финансылык менеджмент, акча алмаштыруу жана крипто-активдерди алмаштыруу, дебеттик жана кредиттик карталар боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле электрондук төлөмдөр жана которуулар бар. Товардык белгилер визуалдык жактан айырмаланат: бири салттуу көк түстө жасалган, экинчиси сары жана көк сызыктуу VISA жазуусу бар.

    Экономикалык эксперт Искендер Шаршеев бул көрүнүштү эл аралык компаниялардын кадимки тажрыйбасы катары түшүндүрөт.

    “Компаниялар өлкөдө дароо ишин улантууну пландабаса да, алар брендин жана интеллектуалдык менчикти коргоо үчүн соода белгилерин каттай алышат. Бул геосаясий кырдаал өзгөрсө, келечекте рынокко кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүндүк берген стратегиялык кадам”, - деди ал.

    Ошол эле учурда, Шаршеев өзгөчө АКШдан санкциялардын көбөйүшү орусиялык каржы институттары менен иштешкен чет элдик компаниялар үчүн олуттуу тобокелчиликтерди жаратаарын баса белгилейт.

    “Сбербанк жана ВТБ сыяктуу ири орусиялык банктар эл аралык санкциялар астында турган шартта, Visa Орусияда ишмердүүлүгүн калыбына келтириши күмөн. Санкциялык чектөөлөр эл аралык транзакцияларды жүргүзүүнү кыйындатат жана орус банктары менен кызматташууну чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн кооптуу кылат. Visa орусиялык рынокто өз позициясын бекемдөөнү чечкен күндө да, банктарга жана аны менен кызматташкан компанияларга таасир этиши мүмкүн болгон экинчи даражадагы санкциялардын коркунучунан улам анын операциялары чектелиши мүмкүн”, - деди Искендер Шаршеев.

    Шаршеев белгилегендей, россиялык банктар катышкан эл аралык төлөмдөр көйгөй бойдон калууда жана жаңы Visa соода белгилери менен да эл аралык транзакциялар татаалдашат, анткени көптөгөн орус банктары дүйнөлүк каржы тармактарынан ажыратылган.

    “Бул эмгек мигранттары үчүн кыйынчылыктарды жаратат, алар азыр акча которуунун альтернативдүү системасын издөөгө мажбур. Бул көбүрөөк чыгымдарга жана транзакцияны иштетүү убактысынын узак болушуна алып келет. Мындан тышкары, анча ишеничтүү эмес жана расмий эмес каналдарды колдонуу алдамчылык тобокелдигин күчөтүшү мүмкүн”, - деп белгиледи эксперт.

    Бүгүнкү күндө эл аралык төлөм системаларынын атаандаштыгы жок болгон учурда, улуттук “Мир” системасы россиялык рынокто өзүнүн позициясын бекемдеди. Бул мамлекеттик колдоонун жана өлкөнүн ичинде системаны жигердүү алга жылдыруунун аркасында мүмкүн болду. Эксперттин баамында, Visa рынокко кайтып келген күндө да анын таасири чектелип, “Мир” системасы ички төлөмдөр сегментинде негизги оюнчу бойдон кала берет.

    “Орусияда жаңы Visa соода белгилерин каттоо компаниянын Орусиянын рыногуна дароо кайтып келерин билдирбейт. Анын үстүнө, менин оюмча, азыркы шарттарда жакынкы келечекте Россия Федерациясында Visa операцияларын калыбына келтирүү ыктымалдыгы өтө төмөн”, - деп жыйынтыктады Искендер Шаршеев.

    Эске салсак, 2022-жылдын башында Visa жана Mastercard ири эл аралык төлөм системалары Орусияда ишин токтоткондугун жарыялашкан. Бул чечим геосаясий кырдаалга жана Орусияга каршы эл аралык чектөөлөрдү күчөтүүгө байланыштуу санкциялык басымдын бир бөлүгү болуп калды. Бул кадамдын натыйжасында Орусиянын аймагынан тышкары чыгарылган бардык Visa жана Mastercard карталары, анын ичинде кыргыз банктарынын карталары да Орусиянын аймагында иштебей калды.

     


    Тектеш материалды окуу

    • Visa Орусияда жаңы товардык белгилерин каттайт. Бул стратегиялык кадамбы?
      Орус маалымат каражаттары 2022-жылы орус рыногунан чыгып кеткен Visa төлөм системасы Роспатентке эки жаңы товардык белгини каттоо үчүн арыз бергенин жазышты.
      2024-16-09 07:14:16
    • Борче Димовски: «Aspekt» компаниясы 30 жылда өзүн лидер катары көрсөтө алды
      “Aspekt” компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Борче Димовски компаниянын каржылык технология тармагындагы өнүгүү жолу тууралуу “Акчабар” каржы порталына маек берди. Анын айтымында, 1992-жылы негизделген компания өзүнүн тармагында алдыңкы компанияга айланган. Димовски компанияны финансылык технология боюнча лидер кылган стратегиясы менен бөлүшүп,“Aspekt” компаниясынын амбициялары жана анын кыргыз рыногундагы ишмердүүлүгүнөн күтүүлөрү тууралуу айтып берди.
      2024-21-05 23:00:52
    • Кыргызстан «Манас» аэропортун кандай инвесторго бергени жатат?
      International Finance Corporation жарым жылдын ичинде “Манас” аэропортуна инвестор тандоо боюнча сынак өткөрүүгө даяр. Эгерде өткөн жайында тендер башталса, эчак эле жыйынтыгы чыгарылып, негизги авиахабды жаңылоо иштери башталмак. Бул тууралуу “Акчабарга” Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди.
      2023-14-02 06:13:43
    • Акаев: YDA Бишкек жана Ош аэропортторун күрөөгө коюп насыя алууну көздөп жатат
      Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 30-июндагы жыйынында Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду түркиялык YDA Group компаниясына өткөрүп берүүгө каршы пикирин билдирди. «Акчабар» саясатчы менен байланышып, аэропортторду кандай шарттарда инвесторго берүү пландалып жатканын жана YDA менен инвестициялык келишим түзүү Кыргызстан үчүн кандай тобокелчиликтерди алып келерин билди.
      2022-05-07 05:08:32