Жарыяланган
2025-03-02, 18:10Чоң аштар, жүздөгөн коноктор менен коштолгон тойлор, жаназага бир нече баш мал союу – мунун баары эбак эле мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калган. Бирок, мунун артында көптөгөн үй-бүлөлөрдүн мойнуна оор жүктү жүктөгөн олуттуу социалдык-экономикалык көйгөй турат.
Өлкө бийлиги маселенин чечүү жолун издеп, коомчулуктун талкуусуна коюлган жаңы мыйзам долбоору ашыкча чыгымды чектөөнүн кезектеги аракети. Бирок мындай чаралар канчалык натыйжалуу?
“Кыргыз Республикасындагы ырымдарды, салтанаттарды жана салттарды карманууда ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө” мыйзам долбоорунда иш-чараларды өткөрүүгө так чектөө киргизүү сунушталууда. Мисалы, үйлөнүү үлпөтүндө бирден бодо мал же бир жылкы союуга уруксат берилет, коноктордун саны 250дөн ашпоого тийиш. Кыз узатуу бир бодо мал же бир жылкы союлуп, 100дөн ашпаган адам катышуусу менен өткөрүлүүгө тийиш. Той жарышы үчтөн көп эмес унаадан турушу керек.
Ал эми “кийит кийгизүүгө”, “себет тартуулоого”, “кудаларды түштөндүрүүгө” таптакыр тыюу салынат.
Эскерүү иш-чаралары үчүн дагы катаал эрежелер белгиленген: мал союуга тыюу салынат, ал эми эскерүү иш-чаралары сөөк коюлгандан үч күн өткөндөн кийин гана өткөрүлөт, бирден ашык мал союлбайт. Үчилик, жетилик, кырк күндүк (кыркы), жылдык ашына жана ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунда жергиликтүү администрациялардын алдында жаңы стандарттардын сакталышын көзөмөлдөгөн атайын комиссияларды түзүү каралган. Алардын ыйгарым укуктарына арыздарды кароо, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузуулар үчүн айып салуу кирет. Жарандар үчүн айыппул 300 миң сомго, ресторан жана кафе ээлерине 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Кыргыз коомунун турмушунда каада-салт, ырым-жырымдар ар дайым маанилүү болуп келгени менен, акыркы жылдары мындай окуялардын көбү жарышка айланып калган. Үйлөнүү үлпөтү, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка салтанаттар коомчулукка өзүн көрсөтүүгө айланды. Барган сайын жаңы, мурда жок болгон үрп-адаттар пайда болуп, каражаттардын көзөмөлсүз чыгымдалышына алып келүүдө.
Атын атагысы келбеген Нарын облусунун тургуну жумушу жана туруктуу кирешеси менен иш-чараларды өткөрүү үй-бүлөсү үчүн чыныгы каржылык кыйынчылыкка айланып жатканын айтты.
“Туугандардын, кошуналардын алдында уят болбош үчүн жүздөгөн конок чакырып, мал союуга аргасыз болуп жатабыз. Жаңы үрп-адаттар пайда болууда, “Себеттин” эмне кереги бар? Мен мыйзам долбоорун колдогонум менен, бул мыйзам ар бир адам үчүн нормага айланганга чейин, тилекке каршы, биз коомдо кабыл алынган нерсени жасай беребиз”, - дейт ал.
Мындай окуялар сейрек эмес. Көптөгөн үй-бүлөлөр жогорку деңгээлдеги иш-чараны уюштуруу үчүн насыя алышат же мүлкүн сатышат. Бул карызга, үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, ал тургай ажырашууга алып келет. Мыйзам долбоорунун демилгечилери анын максаты каада-салттарга тыюу салуу эмес, курулай убаракерчилик жана ашыкча чыгымдоо элементтерин жок кылып, аларды баштапкы баалуулуктарына кайтаруу экенин баса белгилешет.
Серепчилер иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулук экономикага эки тараптуу таасирин тийгизип жатканын белгилешүүдө. Бир жагынан айыл чарба, коомдук тамактануу, оюн-зоок жана тейлөө тармактарына стимулдайт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылы ресторандардын жана мейманканалардын кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 30% өскөн. Бирок, экинчи жагынан, мындай чыгашалар узак мөөнөттүү кошумча наркты жаратпайт. Бир жолку иш-чараларга сарпталган акча бизнести өнүктүрүүгө, билим берүүгө же келечекте киреше алып келе турган башка активдерге жумшалбайт.
Экономист Искендер Шаршеев айыл чарба азык-түлүктөрүн массалык түрдө колдонуу, мисалы, сөөк коюуда 8-9 баш мал союу өзүн-өзү бузуучулукка алып келерин баса белгилейт. Анын пикиринде, бул капиталдын топтолушуна салым кошпогон таза чыгашалар. Узак мөөнөттүү келечекте бул үй-бүлөлөрдүн жана бүтүндөй өлкөнүн экономикалык туруктуулугун начарлатат.
“Бир жагынан бул (Автордун эскертүүсү: жаңы мыйзам) мамлекеттин жеке каражаттарын коротуп жаткан жарандардын ишине кийлигишүүсү катары каралса, экинчи жагынан ысырапкорчулуктун туу чокусуна жеткен. Эгерде коомдук аң-сезимди өзгөртүүгө жана адамдардын артыкчылыктуу багыттарын өзгөртүүгө багытталган болсо, чыгашаларды көзөмөлдөө өзүн актайт. Бул учурда мамлекет каржылык ресурстар кыска мөөнөттүү ырахат алуу үчүн гана эмес, келечекте киреше алып келе турган активдерди түзүү үчүн да колдонулуучу жүрүм-турумдун жаңы моделин калыптандырууга стимулдаштырат", - деди ал.
Мындай иш-чараларды уюштуруу убакыт боюнча чектелиши мүмкүн (мисалы, пайдалуу тамак-аш менюсу менен эки сааттык формат жана алкоголдук ичимдиктерди минималдаштыруу), бул дагы жаңы социалдык нормалардын калыптанышына өбөлгө түзөт. Мындай мамиле жарандардын укуктарын бузбайт, тескерисинче, алардын чыгашаларга аң-сезимдүү мамилесин өзгөртөт, аларга маданий салттарды сактоого мүмкүндүк берет, ошол эле учурда артыкчылыктарды узак мөөнөттүү бакубаттуулукка жана туруктуу өнүгүүгө багыттоодо.
“Ысырапкорчулукка каршы күрөштүн негизги көйгөйү – коомдук аң-сезимди өзгөртүү. Чектөөлөрдөн тышкары, кымбат баалуу белектердин ордуна киреше алып келүүчү активдер бериле турган краудфандинг фонддору сыяктуу альтернативаларды сунуштоо маанилүү”, - деди ал.
Ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатуучу жана жоопкерчиликтүү керектөөнү үндөгөн билим берүү кампанияларын өткөрүү зарыл. Билим берүү, сапаттуу контент жана маалымат кампаниялары аркылуу аң-сезимди өзгөртүү жаңы социалдык нормаларды калыптандырууга жардам берет. Узак мөөнөттүү пландаштыруунун жана капиталды түзүүнүн пайдасына ашыкча керектөөдөн ыктыярдуу баш тартуу коомдун экономикалык потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мындай мамиле туура болушу мүмкүн, анткени буга чейин президент кол койгон документ же рейддер кырдаалды көп деле өзгөртө алган жок. Ошол эле учурда Кыргызстандын коңшулары анын тажрыйбасына кызыгышты. Маселен, Казакстандын түштүгүндө Жамбыл облусунун тургундары үчүн аш-той өткөрүү эрежелери иштелип чыгышы мүмкүн. Облус акими Ербол Карашукеевдин айтымында, казакстандыктар ысырапкорчулукка баргандан көрө, жаңы үйлөнгөндөргө каржылык колдоо көрсөтсө болмок.