akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-09-10, 14:49

    Кыргызстандын банк сектору бир жылда кандай өзгөрдү?

    Кыргызстандын банк сектору өнүгүүдө. Быйыл 31-августка карата өлкөдө 21 коммерциялык банк жана алардын 305 филиалы иштегендиги айтылган. Банктардын активдери көбөйдү, ошондой эле кредиттөө көлөмүнүн өсүшү байкалды, ошол эле учурда долларлашуунун деңгээли төмөндөөдө. Ислам принциптери боюнча каржылоо да оң динамикаларды көрсөттү.  

    Активдердин жана кирешенин көлөмү өстү

    2024-жылдын башынан бери банктардын активдери 20,1%га өсүп, 737,7 млрд сомго жетти. Бул 2023-жылдын акырына салыштырмалуу 123,4 миллиардга көп. Ал эми банктардын таза кирешеси 21,3 миллиард сомду түздү.

    Банк секторунун капиталы жыл башынан бери 14%га өсүп, 121,1 млрд сомго жетти. Капиталга чет өлкөлүк катышуу 21,3%ды же 16,2 млрд сомду түздү, бул дагы 2023-жылдын акырына салыштырмалуу жогору, бул үлүш 20,3%ды (12,2 млрд сом) түзгөн.

    Банк тутумунун капиталынын шайкештигинин коэффициенти 23,9%ды түздү, бул 12% ченемдик деңгээлден кыйла жогору, бирок өткөн жылдын акырындагы деңгээлден (24,8%) бир аз төмөн.

    Бирок “левараждын” коэффициенти (карыздык жана өздүк каражаттардын катышы же суммардык милдеттенмелердин жана узак мөөнөттүү карыз алуулардын акционердик капиталга карата катышы) 6% нормага каршы 12,6%га чейин өскөн.

    Мында банк тутумунун ликвиддүүлүгү жогорку деңгээлде сакталып турат - 78,3%, бул 45% ченеминен ашат. Банк секторунун кирешелүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү да жакшырууда. Активдердин кирешелүүлүгү (ROA — бизнестин кирешесинин анын активдеринин наркына катышы) 2023-жылдын аягындагы 4,4%га салыштырмалуу 4,7% түздү. Капиталдын кирешелүүлүгү (ROE) да өткөн жылдагы 32,4%га салыштырмалуу 33,4% га өстү.

    Айта кетсек, ИДПга карата активдердин үлүшү 55,8%га жеткен. Бул 2023-жылдын акырына карата 50% жогору.

    Насыялар жана депозиттер

    Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 2024-жылдын август айынын акырына карата 528,6 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын акырына карата 431,3 млрд сомго караганда бир кыйла көп. 2024-жылдын башынан бери депозиттер 22,5%га өстү.

    2024-жылдын август айынын аягында Кыргызстандагы банктардын кредит портфели да өсүштү көрсөттү. Ал 295 миллиард сомго жетип, былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу (257,8 миллиард сом) 14,4%га өскөн. Мында берилген кредиттердин көлөмү ИДПнын 22,3% түздү, 2023-жылдын аягында бул көрсөткүч 21%ды түзгөн.

    Анын ичинен өнөр жай тармагында кредиттердин көлөмү 4,7%га азайып, 12,8 млрд сомго жеткен, ал эми айыл чарбасында кредиттер 11,5%га өсүп, 47 млрд сомго жеткен. 
    Соода тармагына 77,6 миллиард сом кредит берилген, бул мурдагыга караганда 4,8%га көп.

    Курулуш олуттуу өсүштү көрсөттү – кредиттердин көлөмү 13,2%га, 13,4 млрд сомго чейин өстү. Ипотекалык кредиттер да 14,5%га көбөйүп, 34,4 млрд сомго, ал эми керектөө кредиттери эң көп өсүш 38,3%га, 77,2 млрд сомго жеткен. Кредиттин башка түрлөрү да 6,8%га өсүп, 32,5 млрд. 

    Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер 11,7%га (7,2 млрд. сомго) көбөйдү, бул жалпы кредит портфелинин 2,4%ын түзөт. Жалпысынан көйгөйлүү кредиттердин үлүшү 12,1%ды, же 35,6 млрд сомду түздү. Бул мурункуга караганда - 2023-жылдын акырына карата 9,2%га (23,8 млрд сом) көп.

    Банк секторунда долларлашуу деңгээли төмөндөөнү улантууда. Чет өлкө валютасында берилген кредиттердин үлүшү 20,4%ды түздү, бул 2024-жылдын башына салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка аз. Депозиттик база да долларлашуунун төмөндөшүн көрсөтүп, 42,4%га төмөндөгөн, бул жыл башындагыдан 3,2 пайыздык пунктка аз.

    Исламдык каржылоонун өнүгүшү

    2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 11,2%га өсүп, 6,7 млрд сомду түздү.

    Бул өсүш ар кайсы тармактарда ар кандай көрүндү. Өнөр жайда каржылоо 100 пайызга өсүп, 300 миллион сомго, айыл чарбасында 61,5 пайызга өсүп, 1 миллиард сомду түздү.

    Сооданы каржылоонун көлөмү 12,4%га өсүп, 800 млн сомго, курулушта 8,8%га өсүп, 500 млн сомго жетти. Ипотекалык каржылоо олуттуу өсүштү көрсөттү – 83%га, 1,9 млрд сомго чейин, ал эми керектөөчүлүк каржылоо 47,8%га төмөндөп, 1,3 млрд сомду түзгөн.

    “Башка максаттарга” 800 млн сом алынган, бул былтыркыдан 77,5%га көп. Ислам принциптери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен каржылоонун көлөмү да 63,6%га, 400 млн сомго чейин өстү, бул исламдык каржылоонун жалпы көлөмүнүн 1,7%ын түзөт.


    Тектеш материалды окуу

    • Пайызсыз насыяны кайсы жерден алууга болот?
      Пайызсыз насыяны издөөдө ар кандай банктардын сунуштарын изилдөө, пайыздык чендерди салыштыруу жана шарттарын түшүнүү, ошондой эле мүмкүн болгон кошумча чыгымдарды эске алуу зарыл.
      2024-16-12 04:00:04
    • ESG артыкчылыктуу багыт! «Айыл Банк» экологиялык жана социалдык долбоорлорду колдойт
      “Айыл Банк” ESG (экология, социалдык жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруу) принциптерине багытталган өзүнүн туруктуу өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда. ESG өнүктүрүү жана ресурстарды тартуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Султанов “Акчабарга” иштин негизги багыттары, ошондой эле Кыргызстанда жашыл насыя берүүнүн үлүшүн көбөйтүү жана экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду өнүктүрүү пландары менен бөл
      2024-12-12 05:40:09
    • Кыргызстандын коммерциялык банктары он айда 27 млрд сом таза киреше тапты
      Октябрь айында Кыргызстандын банк сектору 2,2 млрд сом жалпы таза пайда тапты, бул бир банкка орточо 105 млн сом туура келет. Бирок айрым банктар жарым миллиард сомдон ашык киреше тапса, айрымдары олуттуу чыгымга учураган.
      2024-11-12 12:04:35
    • «Айыл Банк»: кредиттик рынокто лидер жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу
      “Айыл Банк” Кыргызстандын кредит рыногунда өзүнүн лидерлик позициясын ишенимдүү кармоодо, экономиканын түрдүү тармактарын - аялдардын бизнесинен тарта айыл чарбасына чейин жигердүү каржылоодо. Банктын башкаруучу директору Нуржан Мусилинова банктын айыл чарба тармагын, ишкерлерди жана калктын социалдык аялуу катмарын кантип колдоорун, ошондой эле Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири туурал
      2024-10-12 06:14:49