akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-23-04, 18:12

    Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Жеңиш күнүнө карата канча төлөм берилери айтылды

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 9-Май – Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине канча акчалай төлөм бериле турганын кабарлады.  

    Кыргызстанда бүгүнкү күнү Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар. Алар: согуштун 13 катышуучусу, 1 майыбы, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек 7 туткуну, "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган 11.

    Аларга мамлекет тарабынан ай сайын 17 миң сомдон берилип турат: 

    • 7 миң сом – жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация;
    • 3 миң сом – өмүр бою берилүүчү президенттин стипендиясы;
    • 7 миң сом – президенттин стипендиясына үстөк акы.

    Жеңиш күнүнө карата согуштун 32 ардагери менен катар согуш жылдарында орукта эмгектенип, СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган 433 адам, жалпы 468 киши мамлекеттен бир жолку төлөм алышат. Ал үчүн 7,3 млн сом каралган. 

    Бериле турган бир жолку төлөмдүн өлчөмү: 

    - Улуу Ата Мекендик согуштун  майыбына — 20 миң 600 сом;

    - согуштун катышуучуларына, концлагердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана "Ленинграддын коргоочусу" белгисинин ээлерине — 20 миң 400 сомдон; 

    - согушта курман болгон жоокердин жесирине — 15 миң 200 сом;

    - Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта каармандык менен эмгектенип, СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган 433 адамга — 15 миң 100 сомдон берилет. 


    Тектеш материалды окуу