Жарыяланган
2025-23-04, 16:15"Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомго өзгөртүү киргизүү пландалууда. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды.
Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согушка, Ооган согушуна, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандарга, алардын жакындарына жана башка жарандарга жеңилдиктердин ордуна төлөнгөн кенемтени көбөйтүү каралган.
Көбөйтүлгөн кенемтени 2025-жылдын башынан тартып эсептелип төлөнөт.
Кенемтеси көбөйтүлө турган жарандар:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
2. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
3. Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
4. "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
5. Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
6. Аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган адамдар – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
7. Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары – 6 000 (азыр 8 000 сом)
8. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар – 10 000 сом (азыр 7 000 сом)
9. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар – 3 500 сом (азыр 2 500 сом)
10. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар – 2 000 сом (азыр 1 000 сом)
11. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү – 1 500 сом (азыр 1 000 сом)
12. Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөр болушунан улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы 18 жашка чейинки балдары – 1 500 сом (азыр 1 000 сом)
13. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү – 1 500 сом (азыр 1000 сом)
14. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү – 1 500 сом (азыр 1 000 сом)
15. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1 500 сом (азыр 1000 сом)
16. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1 500 сом (азыр 1000 сом)