akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-24-04, 11:27

    Дүйнөлүк банк менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каражат бөлүү тууралуу келишимге быйыл кол коюлат

    Дүйнөлүк банк менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каражаттын биринчи бөлүгүн бөлүү тууралуу келишимге быйыл жыл аягына чейин кол коюлат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында экономика жана коммерция минстри Бакыт Сыдыков билдирди.

    Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСи – экономиканы алдыга тарта турган инвестициялык долбоор.

    "Азыр анын техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, андан тышкары үч тараптуу (Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан – ред.) мамлекеттер аралык келишимдин долбоору иштелип чыгууда. Биздин божомол боюнча жыл аягына чейин Дүйнөлүк банк менен каражаттын биринчи бөлүгүн бөлүү тууралуу келишимге кол коюлат", - деди ал.


    Тектеш материалды окуу