Жарыяланган
2025-24-04, 14:09Быйыл жыл башынан тартып 23-апрелге чейин чет жакка 17 миң 17.5 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Анын ичинен 16 миң 894,5 тоннасы азык-түлүк картошка, 123 тонна үрөн картошкасы болгон. Кыргызстан картошканы Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнө саткан.
Ошол эле учурда Кыргызстан Кытай, Монголия, Пакистан, Нидерланд жана Германиядан картошка сатып алган.