Жарыяланган
2025-08-04, 11:27Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги өлкөдөгү дыйкандарга картошканы былтыркыдан көп тикпөөнү сунуштайт.
Министрлик билдиргендей, былтыр картошка 66,4 миң гектарга отургузулуп, бир гектардан 178,7 центнерден түшүм алынган. Дүң жыйым 1 млн 190 миң 200 тоннаны түзгөн. Быйылкы жылы картошканын баасы 45-60 сомду түзүп, дыйкандар жогорку киреше тапкан.
ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө суроо-талап көп болгондуктан картошканын баасы көтөрүлгөн. Быйыл бул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошканын тигилген аянты көбөйүшү мүмкүн. Рынок дайыма өзгөрүп турарын айткан министрлик картошканы өстүрүүдө коңшу өлкөлөргө да байкоо салуу керектигин билдирди.
Мындан улам Айыл чарба министрлиги картошканы былтыркыдан көп эмес, 66.4 миң гектардан ашпаган аянтка тигүүнү сунуштайт. Жаңы технологияларды колдонуп, түшүмдүүлүктү арттырууга көңүл бурууга чакырат. Ошондой эле дыйкандар картошканын айдоо аянтын көбөйтө турган болсо, быйыл картошканын базар баасы түшүп, аз киреше алып калышы мүмкүн экенин белгилейт.