Жарыяланган
2025-17-04, 16:15Талас облусунун Көк-Кашат айылында кой жүнүн кайра иштеткен ишкана ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Ишкананын ачылышына министр Бакыт Төрөбаев катышып, аймактарда кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү каалаган ишкерлерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо болорун айткан.
"Мындай өндүрүштөрдүн ишке кириши айыл чарбасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири – кайра иштетүү тармагын көтөрүү", - дейт ал.
Жаңы ачылган ишкана толук кандуу ишке киргенден кийин күнүнө 10 тонна жүндү кайра иштете алат. Анын курулушуна 10 млн сом инвестиция салынган.